"Бишкек башкы архитектурасы": "Мурдагы Башкы прокуратуранын имаратынын ордуна шаар тургундары үчүн эс алуучу аянтча курулат"

Мурдагы Башкы прокуратуранын имаратынын ордуна шаар тургундары үчүн эс алуучу аянтча курулат. Бул тууралуу "Бишкек башкы архитектура" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, борбор калаадагы Киев жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан мурдагы Башкы прокуратуранын имаратынын ордуна эс алуусу үчүн жаңы аянт куруу каралып жатат.

"Эс алуу аянтынын аймагы канча болору жана кайсы убакта колдонууга берилери азырынча белгисиз", - деп жазылган маалыматта.

Эске салсак, күйүп кеткен имаратты оңдоо үчүн тендер жарыялаган. Калыбына келтирүү иштерине Бишкек шаарынын бюджетинен 120 миллион сом бөлүү каралган. Бирок имараттын дубалдарынын 80 пайызы жараксыз деп табылып, тендер токтотулган.

Белгилей кетсек, аталган имарат 2010-жылдын 7-апрелинде өрттөлүп, ичиндеги документтер кошо күйүп кеткен. 2013-жылы ошол кездеги башкы прокурор Аида Салянова имаратты өрттөөгө айрым мамлекеттик кызматкерлердин катыштыгы болушу мүмкүн экенин, анткени айрым кылмыш иштери боюнча материалдар дайынсыз жоголуп кеткенин айткан эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zevs
2018-03-13 17:30:46
eptep ele jaraksyz dep satyp jok kylsa. soyuzdun dubaldary azyrkydan 10 ese jakwy.satpagan uwul ele kaldy ele emi.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан