Бишкек мэри Иса Өмүркулов №148-бала бакчанын абалын "канааттандырарлык эмес" деди

Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов бүгүн, 14-июнда Октябрь районундагы №148 жана №9-бала бакчанын абалы менен таанышып чыкты. №148-бала бакчанын абалы начар экендигине күбө болгон мэр, ал жердин абалын “канааттандырарлык эмес” деп баалады. Имараттын чатырынан суу акканын жана оюн аянттарынын начар экендигин баса белгилеген шаар башчысы "бул жерде ойногон балдар жаракат алышы толук мүмкүн” деди. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, 2013-жылы титулдук тизмеге 13 бала бакча кирип, аларды оңдоого шаардык бюджеттен 4,5 миллион сом бөлүнгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан