Бишкектеги №148-бала бакчанын учурдагы абалы

Бүгүн, 14-июнда Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов Октябрь районуна караштуу №148-бала бакчанын абалы менен таанышты. Мэр бала бакчага барары менен ал жерде иштеген тарбиячылар имараттын чатырынан суу тамчылап, полдору чирип калганын айтып киришти. Тарбиячы Нуркан Зияеванын айтымында, бул мекеме 1978-жылы курулуп, андан бери капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. “Бюджетте акча жок болгондуктан оңдолбой жатат. Дубалдардан да жарака кетти, 8 баллдык жер титирөө болсо, бул мекеме урап калышы толук мүмкүн. Ошондой эле суу түтүктөрү дагы чирип кеткен. Ушул жылы имараттын чатырын оңдоого каражат бөлүнүптүр, ата-энелер да каражат топтошту”,- деди Зияева. Бул мекеме учурунда 140 балага ылайыкталып курулса, азыр 300гө жакын бала тарбияланат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан