Изилдөөчүлөр дүйнөдөгү эң өнүккөн шаарларды атады

"Juniper Research" консалтинг компаниясы "Intel" ишканасы менен биргеликте изилдөөлөрдү жүргүзүп, дүйнөдөгү эң өнүккөн шаарларды атады.

Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында, Сингапур эң жогорку сапка жазылган. Бул шаар изилдөөчүлөр түзгөн өндүрүп чыгаруу, коопсуздук, саламаттыкты сактоо, ыңгайлуулук деген 4 талапка тең жооп берген.

Белгилүү болгондой, Сингапурдун өнүккөн транспорт системи жарандарга бир жылда 60 саатка жакын убактысын үнөмдөөгө шарт түзсө, ал эми шаар боюнча орнотулган видеокөзөмөлдөр укук коргоо органдарына кылмыштуулук менен күрөшүүгө жардам берет.

1965-жылы Малайзиядан бөлүнгөн соң өлкө тез убакыттын ичинде өнүгүп, көптөгөн ийгиликтерге жетип, дүйнө жүзүнө үлгү боло алган.

Ошондой эле өнүккөн шаарлардын катарын Лондон, Нью-Йорк, Сан-Франциско жана Чикаго толуктаган.

Cингапур Республикасы - Түштүк-Чыгыш Азиянын Малакка жарым аралындагы Малайзия жана Индонезиянын аралдары менен чектешкен мамлекет. Карамагына жалпы 63 арал кирет. Борбор шаары - Сингапур.
Өлкөнүн жалпы аянты – 718,3 чарчы километр (бул болжол менен Чүй облусунун аймагынан 3 эсеге кичине), калкы – 5,31 миллион адам. Дүйнөдөгү бай өлкөлөрдүн тизмесинде 3-орунда турат, калкынын ар бир жетинчиси миллионер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
ziash85
2018-03-14 11:16:23
Аз бирок саз өлкө экен да
+5
Azi81
2018-03-14 11:22:27
Буларда коррупция деген жок нерсе ошон үчүн онугуп жатат,болбосо биздин жолдорубузду алтын жалатса болмок.
+14
vikidiki
2018-03-14 11:28:20
аааа ар бир 7-миллионер дейби? Укмуш онугуптур го
+5
Akanai20
2018-03-14 11:45:29
Оо бизде плоскогубцы 600 доллар турат.веб камера 14500 доллар.
+10
Dembele84
2018-03-14 12:05:21
Akanai20,ха ха ха только кымбат алабы бизде? ))))
+1
mratbashy
2018-03-14 13:05:16
Биздин мамлекет аш казанга (желудок
+3
umar.kgz
2018-03-14 14:08:05
кыргызстан качан өнүгөт
+1
nuridindosmatov
2018-03-15 09:46:31
Ааа мен Ош же Бишкекби депмин)))))))))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан