Бишкектеги "Ош базарында" текшерүү жүрүп, кароосуз калган 30 бала бар экендиги аныкталды
Бишкектин "Ош
базарында" жүргөн
“Камкордук”
рейди учурунда кароосуз калган жана базарда иштеген 30 өспүрүм бала
бар экендиги аныкталды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Аталган балдардын 24ү жашы жете электерди адаптациялоо жана
реабилитациялоо борборуна жеткирилген. 6 бала менен атайын сүйлөшүү
жүргүзүлүп, 4 баланын ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Балдардын көпчүлүгү борборго түштүк аймактан келишкендиги да белгилүү болду.