Бишкекте алдамчылыкка шектелип 32 жаштагы жаран кармалды. Анын башка дагы кылмыштарга тиешеси бар экени аныкталды

Бишкек шаарынын жашоочусу Honda Elysion үлгүсүндөгү унаасын таанышынан кайтарып ала албай жатканынан улам тиешелүү чараларды көрүүнү суранып, Биринчи Май РИИБине арыз менен кайрылган.

"2016-жылы жабырлануучу жаранды таанышы алдоо жолу менен Honda Elysion үлгүсүндөгү унаасын алып, ушул күнгө чейин кайтарбастан изин жашырып качып жүргөн. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары 1986-жылы туулган Л.Т. аттуу жаран кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган жаран ушул сыяктуу башка 5 кылмыш ишине тиешеси бар экендиги аныкталган. Азыркы учурда соттун чечими менен кармалган жаран 2 айга камакка алынды", - деп кабарлашты Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан.

Сүрөттөгү жарандан жабыр тарткандар бар болсо, милиция кызматкерлери төмөнкү телефондорго чалууну өтүнөт. 0 (555) 102-615; 0 (552) 102-564; 0 (700) 717-888; 0 (501) 559-899.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Janyjol.86
2018-03-14 13:38:11
Бунунар 32 жащта эмей эле 55 жашта окшойтко.огуздун олугундой дункуйот.бунун жанында озумду 18 жаштагыдай элестетип бир жаштыгымды эстеп алдым
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан