Министрлик: "Чычкандагы кар көчкү түшкөн жерде дарыгерлер күзөтүп жатышат"

Чычкан капчыгайы аркылуу өткөн Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымында кар көчкү түшкөн жерде дарыгерлер күзөтүп жатышат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Учурда Көчкүлүү-Булак участогундагы түшкөн кар көчкүнүн эки тарабында тең "Тез жардам" кызматы уюштурулуп, дарыгерлер күзөтүп жатышат. Дары-дармектери жетиштүү, кайрылган жарандарга медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Баш-аягы кан басымы көтөрүлүп, 21 адам кайрылган.

Андан сырткары, Токтогул районунун аймактык ооруканасында жарандарды кабыл алуу үчүн 15 орун даярдалды. Ал жерге Баткен облусунан Бишкек шаарына операция жасатуу үчүн бара жаткан 68 жаштагы жаран кайрылып, хирургия бөлүмүнө жаткырылды, анын абалы туруктуу", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Hanzada.sabih
2018-03-14 13:09:47
Чындап кар кочку туштубу же тоннель тушуп кеттиби?
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан