"Бишкекте мыйзамсыз орун алган 6384 курулушту аныктадык" деди бүгүн, 14-июнда Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов. Айтымында, жерлерди мыйзамсыз басып алгандар көп. “Мыйзамдуу курулган” деп чыккандары да бар, бирок аны тастыктоочу документтери жок. Башкы планды бузуу менен спорт аянтчалары, сейил бактардын аянттары да сатылып кеткен. Учурда сейил бактардын баарын текшерип жатабыз. Эгерде бирөө тыюу салынган жерлерге курулуш баштаса, аларды сотко берип, жерлерди кайра кайтарып алуудабыз. Мисалы, “Ата-түрк” сейил багындагы 5 гектар жерди кайтарып алдык. 4,5 гектар жер сейил бактын аянтынан берилген, ал жерлер боюнча да соттошуп жатабыз, ошондой эле “Жаштар” сейил багында мечитке берилген жерлерге үйлөр салынып кеткен, аларды да сотко бердик”,- деди шаар башчысы.