Эркингүл Иманкожоева: “Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун" каражатынын 30 пайызын суу көйгөйүн чечүүгө жумшоо керек"
Депутат Эркингүл Иманкожоева “Ысык-Көлдү өнүктүрүү
фондунун" каражатынын 30 пайызын таза сууну жана сугат суусу менен камсыз кылуу
тутумун жакшыртууга жумшоо керек деп эсептейт. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз
кызматы билдирди. “Таза суу калк саламаттыгынын негизи, ал эми сугат суусу бай
түшүмдүн кепилдиги. Биз агрардык өлкө экенибизди эстен чыгарбашыбыз керек”,-
дейт эл өкүлү. Ошондой эле депутат жергиликтүү калктын “Ысык-Көлдү өнүктүрүү
фондуна” түшкөн каражаттардын натыйжасыз пайдаланылып жаткандыгына нааразы
экенин баса белгиледи. Ошондуктан жергиликтүү бийликтин бул багыттагы ишинин
ачыктыгын жогорулатуу зарыл экенин баса белгиледи. Жергиликтүү калк каражатты
бөлүштүрүү жүрүмүнө катышууга тийиш. ЖКнын басма сөз кызматы билдиргендей, аталган фондго жыл сайын “Кумтөр”
кенин иштеткен компаниянын жалпы кирешесинин 1 пайызы түшүп турат.