Жалал-Абад. Июнь окуясынын 3 жылдыгы шаардагы мекеме, ишканаларда эскерилди

Бүгүн, 14-июнь күнү Жалал-Абад шаарындагы бардык мекеме, ишканаларда 2010-жылдагы Июнь окуясынын 3 жылдыгы эскерилди. Мэрияда болгон эскерүү иш-чарасына шаар башчысы Муктар Арапбаев (сүрөттө төрдө отурат) катышып, "бул коогалаңды андан ары ырбатпай, эки улуттун эли биргеликте токтотуп калды. Эл өзүнөн өзү эч качан бөлүнбөйт" деди. Айта кетсек, ал каргашалуу окуяда Жалал-Абад облусу боюнча 89 адам каза болсо, 447си денесинен түрдүү жаракаттарды алышкан. Ал эми шаар боюнча 27 адам каза болуп, 73 жаран медициналык жардамга муктаж болгон.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан