Шаарга жаңы алынып келинген троллейбустарды "эски" деп билдирген Бишкек шаардык кеңешинин депутатын "Тролза" заводу сотко бериши мүмкүн

Бишкек шаардык кеңештин депутаты Эрнис Докеновдун “Бишкекке жаңы деп алынып келинген троллейбустар эски жана мурда иштетилген” деген билдирүүсүнө байланыштуу троллейбусту чыгарган “Тролза” заводу сотко кайрылышы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 14-июнда Орусиянын Кыргызстандагы соода өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Мария Афанасова билдирди. “Бул бүгүн эле пайда боло калган компания эмес, бир канча жылдан бери иштеп келе жатат. Жогорудагыдай билдирүү заводдун беделине доо кетирди. Аларга бул нерсе жаккан жок. Троллейбустун эскилиги тууралуу билдирүү жасаган адамды сотко берүү маселесин завод карап жатат”,- деди ал.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан