Бүгүн, 14-июнда Тышкы иштер министрлигинде Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү үчүн “Ачык эшиктер күнү” болду. Анда министрликтин статс-катчысы Асеин Исаев сөз сүйлөп, бүтүрүүчүлөрдү куттуктады. Ошондой эле ал КРнын дипломатиялык иштери тууралуу кенен маалымат берди. Мындан сырткары катышуучуларга министрликтин тарыхы, ардагерлер жана жетекчилери тууралуу сүрөт-слайд көрсөтүлдү. Иш-чаранын катышуучуларын кызыктырган суроолорго тийиштүү жооптор берилди.