Футбол боюнча улуттук курама команда Мьянма менен боло турган беттешке даярдык көрүү үчүн Түштүк Кореяга учуп кетти
Футбол боюнча улуттук курама команда Мьянма менен боло турган беттешке даярдык көрүү үчүн Түштүк Кореяга учуп кетти. Бул тууралуу аталган спорттун федерациясы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 14-мартта футбол боюнча Кыргыз өлкөсүнүн курама командасы Түштүк Кореяга учуп кеткен. Улуттук курама 2019-жылы өтө турган Азия биринчилигине тандоо турунун алкагында, 22-мартта Бишкек убактысы боюнча саат 12:00дө Мьянма курамасы менен Түштүк Кореянын Инчхон шаарындагы "Инчхон" стадионунда беттешет.
Эске салсак, 2017-жылдын 5-сентябрында 3-турдун алкагында Бишкекте өтө турган Кыргыз курамасы менен Мьянма беттеши Мьянмадагы саясий кырдаалдан улам токтотулган.
Учурда "А" тайпасында Индия курамы 5 оюн өткөрүп, 13 упай менен Азия биринчилигине мөөнөтүнөн мурда жолдомо алган. Кыргыз курамасы 4 беттештен кийин 7 упай топтоп 2-орунда. Мьянма 5 упайы менен 3-саптан орун алса, Макао азырынча упай ала элек.