Бир аптада Бишкек мэриясынын “185” ыкчам чара көрүү кызматына 149 кайрылуу түштү
7-июндан 14-июнга чейин Бишкек шаардык мэриясынын
“185” ыкчам чара көрүү кызматына 149 кайрылуу жана арыз түштү. Мэриянын басма
сөз кызматы билдиргендей, алардын 77си катталып, 62 арыз боюнча чара көрүлдү.
Электр энергиясы менен камсыз кылуу көйгөйлөрү боюнча кайрылуулардын саны 33
болсо, таза суу боюнча кайрылуулардын саны 15. Ал эми калган арыздар ар кандай
маселелерге байланыштуу болгон.