Бүгүн, 15-мартта парламент жыйынында өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Ашырбек Темирбаев Бишкек шаарына Нооруз майрамынан тартып 52 жаңы троллейбус алып келине турганын айтты.
"Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкы аркылуу берилген 7 миллион евро өлчөмүндөгү насыяга 52 жаңы тролейбус сатылып алынат. Жеткирүү жагын “Тролза маркет” ишканасы ишке ашырат. 4-майда жана 8-июнда Беларустан 15 троллейбус келет. Учурда Бишкекте 131 троллейбус бар. Алардын 128и жүргүнчүлөргө, үчөө окуучуларга, күн сайын жолго 110 троллейбус чыгат", - деди Темирбаев.