Учурда Бишкек шаары боюнча 79 бала бакча болсо, анда 27 миң бала тарбияланат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 11 бала бакчада ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар тарбияланат. Шаардагы балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камсыз кылуу үчүн дагы 50 бала бакча куруу керектигин шаардык мэрия билдирет.