Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы алмашты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Таалайбек Сусунбаев бизге билдирди. Айтымында, бүгүн, 14-июнда ички иштер министринин орун басары Фурхат Үсөнов Жалал-Абад ОИИБинин жаңы башчысы Жеңиш Жоробековду жамаат менен тааныштырды. “Жеңиш Жоробеков мурун Тогуз-Торо райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы болчу. Ал эми Жалал-Абад ОИИБинин мурунку жетекчиси Малик Нурдинов учурда кадрлар карамагында калды”,- деди ал.