Жоомарт Оторбаев: "Кумтөр" - өлкөдөгү эң ири ишкана. Ал үзгүлтүксүз иштеши керек"

"Кумтөр" - өлкөдөгү эң ири өндүрүш ишканасы, өкмөттүн алдына коюлган максат - ишкананын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу. Бардык талаш-тартыштар сүйлөшүү жолу менен чечилиши керек. "Кумтөрдүн" иштешине тоскоолдук жараткан эч кандай акциялар болбошу зарыл. Жакында Жети-Өгүздө болуп өткөн окуяларды, ишкананын 57 саатка иштебей токтоп турушун эске алуу жетиштүү. Бул токтоп калуу өлкөнүн экономикасына олуттуу зыян алып келди. Бир күн иштебей калуусунан 200 миллион сом чыгаша тарттык". Бул сөздү бүгүн, 14-июнда "Кумтөр" ишканасынын учурдагы абалы менен таанышкан биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев айтты. Мындан сырткары бул ишкана 2013-жылдын 5 айында "Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондуна" 157 миллион сом которгонун кошумчалады. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан