Бишкекте таксисттердин телефонун уурдап жүргөн деген шек менен 23 жаштагы кыз кармалды. Бул туурасында Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ленин РИИБине такси кызматынын айдоочусу кайрылып, телефонун уурдап кеткен кызга чара көрүүнү суранган.
Окуя 5-февраль күнү болгон. "Такси кызматын чакырган кыз шаардагы базарлардын бирине алып барууну өтүнүп, жолдон тааныштарына чалуу үчүн айдоочунун телефонун алган. Ошол учурда милиция кызматкери айдоочуну токтотуп, ал жолугуп келгенге чейин кыз телефонду алып, унаадан түшүп качып кеткен. Бул боюнча Ленин РИИБи Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш ишин козгоп, 14-мартта шектүү катары 23 жаштагы Ж.к.К. аттуу кыз кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген", - деп билдирет басма сөз кызматынан.
Териштирүү иштеринин натыйжасында басма сөз кызматы шектүү кыз уурулук жана ушундай дагы кылмыш иштерине тиешеси бар экени аныкталганын, дагы бир канча таксисттер ушундай окуяга туш болуп, милицияга кайрылышканын кошумчалады.
Эгер сүрөттөгү кыздан жабыркагандар болсо 102 номерине, же 0 (312) 352-947; 0(553) 102-113; 0(552) 102-522 номерлерине кайрылуусу керектигин милиция эскертет.