Нарында облус боюнча 40 000ден ашуун бөбөк бала бакчага барбайт. Мындай маалымат ЖКнын депутаттарынын Нарын шаарындагы көчмө жыйыны учурунда белгилүү болду. Анда айтылгандай, облуста 7 жашка чейинки 49 645 бала бар. Учурда алардын 6 271и гана бала бакчаларга барат. Башкача айтканда, облуста 108 бала бакча иштеп, 7 жашка чейинки балдардын 14 пайызы гана бала бакчаларга тартылса, 40 000ден ашыгы бала бакчага барбайт.