Кыргыз жарандарына Корея Республикасынан келген эмгек келишимдеринин саны мурдагы жылдарга салыштырмалуу 30 пайызга көбөйдү. Буга байланыштуу 15-мартта Кыргыз Республикасынын Кореядагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Кылычбек Султан Кореядагы K-BIZ орто жана чакан ишканалар ассоциациясынын аткаруучу директору И Жэ-уон менен жолугушту. Мындай маалыматты Кыргыз мамлекетинин Кореядагы элчилигинен кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, жолугушуу учурунда тараптар эмгек миграциясына байланыштуу маселерди талкуулашты. Ассоциациянын аткаруучу директору И Жэ-уон 2018-жылдын 1-чейрегинде Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн эмгек келишимдери мурдагы жылдарга салыштырмалуу 30-40 пайызга көбүрөөк түзүлгөнүн маалымдады.
"Элчи Кылычбек Султан И Жэ-уон мырзага жана K-BIZ мекемесине Кыргыз жарандары үчүн жумуш табууда көрсөтүп жаткан көмөктөрү үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары да кызматташууну өнүктүрүү тууралуу келишишти", - деп айтылат элчиликтин маалыматында.
Айта кетсек, Кыргыз Республикасы Корея Республикасынын EPS программасына (чет өлкөлүк жумушчуларды жалдоого уруксат берүүчү систем) 2007-жылдан бери мүчө. Бул программага ылайык, 2018-жылдын 1-кварталында Кыргыз Республикасынын 116 жараны жумушка чакырылганы маалымдалган.
"Кореяга барып иштеп келүү үчүн эмне кылуу керек?" деген суроого бул шилтемеден жооп ала аласыз.