14-июнда Бишкекте эл аралык “Сулуулар жана моделдер-2013” (IBMF) фестивалы башталды. Бул саамалыкка 15 өлкөнүн сулуулары катышып жатат. Алардын ичинде апрель айында “Кыргызстан сулуусу-2013” сынагынын жеңүүчүсү Гүлнара Жаныбекова да бар. Бир канча өлкөнүн сулууларын чогулта алган Кыргызстандагы Бүткүл дүйнөлүк сулуулар конгресси иш-чарага уюштуруучулук кылууда. Ал эми фестиваль бир канча баскычтарда өтөт. Мисал катары айта кетсек, фестивалдын алкагында “Мисс Бикини”, кыргыз кол өнөрчүлөрүнүн сынагы, кайрымдуулук баллы жана башкалар 21-июнга чейин уюштурулмакчы. Ал эми фестивалдын биринчи күнүдө алгач өзүлөрүн тааныштырып, дефилеге чыгышты. Андан соң сулуулар арасында “Эң мыкты сууга түшүүчү кийим” сынагы өткөрүлдү.