14-июнда Президенттик аппаратынын Жетекчиси Данияр Нарымбаевдин төрагалыгы алдында «Курманжан датка» орденинин үлгүсүн тандоо жана анын сыпатталышы боюнча конкурстук комиссиянын жыйыны өткөрүлдү. Комиссиянын кароосуна ордендин үлгүсүнүн бир нече варианттары сунушталган. Жыйындын жүрүшүндө комиссиянын мүчөлөрү «Курманжан датка» орденинин, ордендин тасмасынын жана ордендик китепченин үлгүсүн бир добуштан бекитишти. Ошону менен бирге конкурстун жеңүүчүлөрүнө сыйлык фондунан акчалай сыйлык төлөп берүү тууралуу чечим кабыл алынды. Ошондой эле «Курманжан датка» орденин белгилөө Курманжан Датканын эмгегин тарыхый жактан таануу ишинде зор мааниге ээ экендиги белгиленди. Белгилей кетсек, «Курманжан датка» ордени менен коомдук-саясий ишмердиктеги өзгөчө салымы, эмгектеги жетишкендиктери, мамлекетти коргоого жана бекемдөөгө, элдин биримдигин, Кыргызстандын элдеринин салттарын сактоо ишине, өсүп келе жаткан муунду мекенин сүйүүгө жана урматтоого тарбиялоо ишине кошкон олуттуу салымы үчүн аялдар сыйланат.