Токон Мамытов: "Мен учурда Ысык-Көлдөгү иштер менен алекмин"

Кечээ, 14-июнь күнү өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Токон Мамытов кайсы убакытка дейре дубан башчылык кызматында калары боюнча сурообузга: "Мен учурда Ысык-Көлдөгү иштер менен алекмин. Мага тапшырылган милдетимди аткарып жатам. Келерим менен губернатордун үйүн оңдотууну баштагам, аягына чыгайын деп калды",- деген жообун узатты. Ал эми буга чейин Шамиль Атаханов ээлеген Коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча вице-премьер-министрлик кызматына талапкер катары көрсөтүлүп жаткандыгына байланыштуу: "Эми менчилеп жайгашуу аракеттерин кам көрүп жаткан адам башка кызматты ойлобосо керек",- деп кыска гана жооп берди.
Эске салсак, быйылкы жылдын башында Баткен облусунун Сох анклавында орун алган окуяларга байланыштуу 18-январда президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы болуп дайындалган. Ага чейин Жогорку Кеңештин "Ар-намыс" фракциясынын курамында депутат болчу. Кийин май айынын соңунда Ысык-Көл облусунда "Кумтөргө" байланыштуу митингдердин айынан абал курчуп, дубан башчысы Мирбек Асанакуновдун ордуна 1-июнда өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү болуп бекитилген. Өрт өчүргүч сыяктуу улам бир курчуган маселелерди чечүү үчүн Токон Мамытовдун кийинки кызматтарга дайындалуусу коомчулукта аны "кризис-менеджер" атыктырып, ошондой эле мындай жагдай "өкмөттүн кадрдык кризиси бир киши менен билинип калууда" деген пикирлерди жаратууда.    
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан