Ноокендеги мектеп директору: "Кош бойлуу болуп калган 17 жаштагы кызды ата-энеси турмушка берди"

Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун Ношкен айылында 11-класстын окуучусу турмушка чыкты. Бул тууралуу 18-мартта SUPER.KG'ге айылдагы №20-мектептин директору Абдукерим Толубаев кабарлады.

Анын айтымында, кыздын үч айлык боюнда бар экендиги билингенден кийин ата-энеси аны өз ыктыяры менен мектептен чыгарып салган.

"Ал кыз биздин мектепте окуп, 11-февралда 17 жашка толгон. Тилекке каршы, үч айлык боюнда бар экендиги билингенден кийин ата-энеси мектептен чыгарып алуу боюнча арыз менен кайрылган. 5-мартта мектептен чыгарып кетип 19 жаштагы жигитине турмушка берип койду. Ал бала деле коңшу айылдын тургуну болот", - деди мектеп директору.

"Бул окуядан кийин биз мыйзамдарды карап чыктык. 18 жашка толо элек кызды турмушка берүүгө мыйзам тыюу салганы менен, мажбур болгон учурда белгиленген жаш бир жылга кыскартылат экен. Башкача айтканда, мажбур болгон учурда 17 жашынан турмушка берүүгө болот", - деп билдирди Толубаев.

Бирок окуучунун жүрүм-турумуна өз учурунда көңүл бурбай койгондугу үчүн класс жетекчисине, дене тарбия мугалимине жана аялдар кеңешине сөгүш берилгенин кошумчалады.

"Бул окуяны мугалимдер аялдар кеңеши менен бирге отуруп талкууладык. Жыйынтыгында класс жетекчисине, дене тарбия мугалимине жана аялдар кеңешине сөгүш берилди. Жакында маселе райондо да каралат", - деп айтты мектеп директору.

Ал эми бул фактынын негизинде кандай чара көрүлгөндүгү боюнча милиция тарабынан тастыктала элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (32)
arena2014
2018-03-18 14:32:04
Ойлошумча дене тарбия сабагы учурунда жайлаган окшойт))
+13
mr.cana
2018-03-20 11:07:40
arena2014, же тарбия завучу ;-)
0
yasin11
2018-03-18 14:44:28
Эх жаштык кылыпсын шашпасанда жетесин ушул турмушка бир омур озуно дак калтырып алыпсын кайын журтундун алдында баш которо албайсынго эми
+3
nurbekasr
2018-03-18 16:11:55
Дене тарбия мугалимде эмне күнөө,же отжимание кылып жатып боюна бүтүргөнүн көрбөй калган үчүнбү.Андан көрө ата энесине бозуткан жигитке күнөө тагылса туура болот деп ойлойм.
+3
Asatilla.1983
2018-03-18 16:58:53
Мугалимдин майанасы азболуп баарыеле иштебей калды биздин убакта агайлар жаткра чапчу азыр колу тиелек ата енеси жетип келет ежеке тарбия берсе ошондой болуп калат агайлар азыр баарыле чет олкодо
+8
Almaz_10
2018-03-18 17:12:19
Мектеп директоруна выговор берилсин
-5
mr.cana
2018-03-20 11:08:37
Almaz_10, агада районоо тарабынан берилет.
0
Targarien
2018-03-18 17:40:45
Ата-эне, мугалим куноолуу дей бербей Окуучу кыздардын кыздыгын 1 жылда бир жолу келип текшеруу керек врачтар. Ошондой болсо анан кысып калар
+1
кыргыз Алик
2018-03-18 18:05:24
Баштайт экен да эми башка окуучу кыздар балдар да ушинтип эле жыныстык катнашка барып коюп турмуш куруп кете берсек болоткен, эч ким эчтеке дебейт экен деп.Мыйзамды озгортуп катаалдантырыш керек деп ойлойм.Ушул эле жерде бул кыз февралда 17 ге чыкса 16 жашында жыныстык катнаш болгон, раз 3 айлык боюнда болсо.Жашы жете элек менен жыныстык катнашка барган деп тиги баланы жазалаш жокпу? Анан эле келип мугалим куноолуу,андай жоопкерчилик мугалимде болсо окуучуну каалагандай тарбиялаганга жол берсин.
+6
кыргыз Алик
2018-03-18 18:07:42
Мугалим азыр окуучуну кичине чертип койсо милициялары баш болуп камаш керек деп чыгат.Мындайда албетте мугалим да айтат да билген богунду жебейсинби деп окуучуга.
+9
mamashovich88
2018-03-18 20:20:15
Эх,кайран мугалимдер!
Акыл айтсан укпаса, катуу айтсан жанына кас кылса. Бул оспурумдорго ээч тушунбой кетем. Урматтуу ата-эне баланызга конул буруп койсонуз десе: "Эмне менин эле балам сенин козуно корунуп калдыбы? Кором сенин баланды да" деп кекетсе.
Анан кокустук болуп кетсе эле эмеге уйулгон чымындай байкуш мугалимдерге келип эле эзгилей берсе. Бул нерсени кандай тушунсо болот?
Туну короосунан бир кой жоголсо, эч бири уктабай издешсе,ал эми балдары тун бир оокумга
+3
mamashovich88
2018-03-18 20:24:01
Айтканга аябай соз коп. Укканга инсан жок. Кайда кеттин ошол биз окуп жургон зор заман?! Мугалим десе кокурогум атышып, коодонум толуп, козумо жаш келет. Замандын жетим балдарындай болгон ары жок билим саяпкерлери. Кандай кунго туш болсо да журогу бала деп соккон мееримдуу жандар. Талыкпай жаш муундарга билим берип журо бергиле! Силерге баш ийип таазим кыламын.
+8
Asyl.jazi
2018-03-19 00:10:31
Мугалим болгонума өкүнүп кеттим. Эми окуучуларга түнүгө дагы кароол болобузбу эмне? Айыпты мугалимдерге койгондордун өзүнө Кудайдан жакшылык эле келсин. Сөгүш деп айткым келди бирок кайтар дүйнө да.
+5
Asyl.jazi
2018-03-19 00:15:59
Класс жетекчиликке болгону 300 сом төлөйт айына. Окуучуларга кеткен нервдин бир таблеткасы дагы келбейт буга
+6
Lenovo97
2018-03-19 10:35:16
Мугалимдерде эмне күнөө. Бир нерсе болсо эле мугалимдер күнөөлүү боло беришиби? Же эмне мектептен жатып алышыптырбы?
0
Ayka1994
2018-03-19 11:19:06
тообо мектеп алган айлыгы мугалимдердики болгону 7-8 мин сом болсо анан эмне кыздарды кочодо артынан карап журсун кеч ар бир кыздын эшигинин тубундо итке окшоп коруп жатсын. эмне ата-энеси эмне кылып журот же ошол класс жетекчинин куноосу эмне класс жетекчи куноолу болот эгер ошол класста ушундай окуялар коп болсо бир адам болсо анда ата-энеси куноолу болот. мугалимдерди бир жолу 7-8мин берип жататм деп кунолош туура эмес анын да озунун балдар кыздары тирилиги ошолорду да ойлонуп чечиш керекко
0
nurchik05
2018-03-20 17:27:59
журум турум озунон да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан