Жалал-Абад. Облуста акыркы 10 күн ичинде административдик тартип бузуулар боюнча 210 протокол түзүлдү

Кайгуул-күзөт кызматынын кызматкерлери 5 кылмыштын изин суутпай, бейбаштык жана 4 тоноочулук фактысынын бетин ачышты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Аида Зулпукарова маалымдайт. Облустун аймагында административдик тартип бузуулар боюнча акыркы 10 күндүн ичинде 210 протокол түзүлгөн. Анын ичинен майда бейбаштык боюнча 45 атуул кармалып, административдик айыптар салынган. Калган 165 жаранга коомдук жайда спирт ичимдигин ичип жана мас абалда жүргөндүгү үчүн Ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө жеткирилип, мыйзамда каралган айыптар салынган.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан