Комиссия мүчөсү: "Кумтөр" борпоң тектин жылып бара жатканын жашырган"

14-июнь күнү биринчи-вице-премьер Жоомарт Оторбаевдин Кумтөр кенине болгон сапарында "Кумтөр" борпоң тектин жылып бара жатканын жашырган" деп айтылды. Бул тууралуу билдирген Техникалык жана экологиялык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциянын өкүлү жана "Кумтөрдөгү" борпоң тектин жылышын изилдеген комиссия мүчөсү Максат Абдылдаев: "Кумтөр" кенинде борпоң тектин күтүүсүз жылып баштаганын ушул жылдын апрель айында уктук. Ошол учурда күн сайын орточо 5 метрдеп жылып жаткан болчу. Бүгүн борпоң тек күнүнө 1 метрдей жылууда. Комиссия 11 пункттан турган сунуш даярдап чыкты",- деди.  
Анын айтымында, борпоң тектин кыймылына туш келген инфраструктуралык объекттерди которууга 60-70 миллион доллар керектелет. Антпесе, тек жылып отуруп, ылдыйда жайгашкан административдик имараттарды басып калуу коркунучу бар.    
Ал эми "Кумтоөр Оперейтинг Компани" компаниясынын президенти Майкл Фишер "Кумтөрдүн" жетекчилиги тектин жылып жатканын эч качан жашырган эмес" деди. Анын билдиришинче, компания тарабынан тиешелүү план иштелип чыгып, тектин жылышы кыйлага чейин жайлап калган.  
ЖКнын депутаты Максат Бакиров болсо, "Кумтөр" кениндеги борпоң тектин жылышын көзөмөлдөп туруу үчүн видео камераларды орнотуп, андагы көрүнүштү онлайн-режиминде көз салуу мүмкүнчүлүгүн ишке ашыруу сунушун айтты.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан