Бүгүн, 19-мартта Бишкек шаарындагы "Аккула" ат майданында Нооруз майрамына карата көк бөрү боюнча республикалык мелдештин жарым финалдык беттештери орун алууда. Анда 4 команданын өз ара беттеши орун алып, "Ынтымак" командасы алгачкы болуп финалга өттү.
Жарым финалдын алгачкы беттешинде Таластын "Ынтымак" менен Чүйдүн "Биримдик Аю" командаларынын беттеши орун алды. Беттештин жыйынтыгында "Ынтымак" командасы атаандашын 2:1 эсебинде жеңип алды.
Бүгүн, финалга дагы 1 жолдомо ойнотулат. Анда Оштун "Достук" жана Чүйдүн "Арашан" командалары кездешет.