Биринчи вице-премьер Жоомарт Оторбаев 14-июнда "Кумтөр" кенине барган иш сапарында "Жети-Өгүз районунда орун алган соңку окуяларда митинг катышуучулары тарабынан электр энергия өчүрүлгөнүнө байланыштуу "Кумтөр" кениндеги фабриканын иши токтоп, андагы 60 килограмм алтын иштетилбей калуу менен ал жөн гана калдыктарга кошулуп кеткен" деп айтты. "Талаш-тартыш өз жолу менен болсо да, фабрика иштеши керек. Акыркы жоготуу эле 2,5 миллион долларды түздү",- деди Жоомарт мырза.
Анын айтымында, эгерде "Кумтөр Оперейтинг Компани" подстанциядагы электр энергиянын өчүрүлүшү боюнча доо арыз менен кайрылса, анда ал эсепти "Чыгышэлектро" ААКсы төлөйт. "Анткени алтын казып алуучу ишкана менен "Чыгышэлектро" макулдашуу боюнча иштешет. Биз азыр канчалык зыян келтирилгенин эсептеп чыгышыбыз керек, анткени ал убакытта эч ким иштебей, айлык акы төлөнбөй калган, андыктан салык да түшпөй калышы мүмкүн",- деди биринчи вице-премьер.
Ошондой эле Жоомарт Оторбаев "Кумтөрдүн" салыктары менен башка төлөмдөрү өлкө бюджетинин 6 пайызын түзөрүн, тагыраагы компания салык иретинде 6 миллиард сом төлөй турганын эскерте өттү.