Бишкектеги Шабдан баатыр көчөсү 7-апрель деп өзгөртүлөт. Такталарга канча акча кетет?

Бишкектеги Шабдан баатыр көчөсүн 7-апрель деп өзгөртүү сунушун Бишкек шаардык кеңеши колдоду. Мындай чечимди шаардык кеңеш 19-марттагы жыйынында талкуусуз кабыл алды.

Ага ылайык, Шабдан баатыр көчөсү 7-апрель деп өзгөртүлөт, ал эми Чүй кең көчөсүнүн Ауэзов көчөсүнөн Курманжан датка көчөсүнө чейинки бөлүгү Шабдан баатыр деп аталат.

Шабдан баатыр көчөсү шаардык маанидеги негизги магистралдык көчөлөрдүн бири. Анын узундугу 8 миң 950 метрди түзөт. Алмаштырууга зарыл болгон аншлагдын (көчөнүн аталышы жазылган такта) саны 78 даана. Орточо эсеп менен алганда бир аншлагды даярдоо жана орнотуунун баасы 1 миң 200 сомду түзөт. Бул үчүн алдын ала эсептөөлөр боюнча 93 миң 600 сом талап кылынышы мүмкүн.

Чүй кең көчөсү да шаар кыймылындагы негизги маанилүү жол. Чүй көчөсүнүн Ауэзов көчөсүнөн Курманжан датка көчөсүнө чейинки бөлүгү 4 миң 500 метр. Бул аралыкта алмаштырууга жана орнотууга зарыл болгон 22 даана аншлаг бар. Аны даярдоо жана орнотуунун баасы 1 миң 200 сомду түзүп, жалпы талап кылынган каражат 26 миң 400 сом болушу мүмкүн.

Айта кетсек, бул сунуш 2017-жылы "Айкөл Ала-Тоо" жана "Мекен шейиттери" коомдук уюмдары тарабынан көтөрүлүп, алар ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевге кайрылышкан. Атамбаев бул сунушту Бишкек шаардык кеңешине жиберген.
Буга чейин демилгечилердин бири Мээрбек Мискенбаев SUPER.KG порталына бул сунуш 7-апрелдин атын өчүрбөй сактап калуу максатында көтөрүлгөнүн айткан.
Бишкектин Шабдан баатыр көчөсү 7-апрель деп өзгөртүлөт
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (60)
erjmax21
2018-03-19 15:21:34
7 апрель окуясын деги билишеби Бишкек шаардык депутаттар.
+4
advokat.nur
2018-03-19 15:38:21
Карышымын, 7-апрель ал Атамбаевадин эле которулушу
+5
Dalil
2018-03-19 15:44:47
Шаардык депутаттар мандатынан ажырап калбоо үчүн эле колдоп берди деп ойлойм.
+6
Kyrgyz_bloger
2018-03-19 16:26:54
Кочонун атын озгорткон менен эл аны колдонбойт эл дагы деле Алматинский деп эле айта берет
+3
kg.nurik
2018-03-19 20:44:09
шабдан баатыр бул тырыхий инсан а 7-апрелде олгондор алкаштар
+1
Sezimim...
2018-03-19 21:23:35
Тобо,кичине журт болуп ,улуу тарыхыбыз бар эле.Ошол улуу тарыхыбызда татыктуу болгон адамдарыбыздын бири Шабдан баатыр эле...Бири биринин ... чукуп бутуп эми кылаарга иши калбай кок мээлерибиз Улуу адамдарыбыздын атын озгортконго оттубу...Кыйын экен жаны жол курушсун,жаны жакшы нерселерди ачышсын.Ошол жаны нерселерге кааласа атасынын,озунун атын коюп алсын. Жаны нерсе кура албай туруп,бар болгон байлык,тарыхыбыздын жок кылышып...
+3
sapargul
2018-03-19 22:06:40
7-апрель куну Бакиев эмес оздору оздорун аткан кун бийликти алыш учун алар садага чабылган кун ошону майрамдайсынарбы
+2
Jarma
2018-03-20 00:34:24
Кыскасы ит экенсинер.Мискенбаевдин атын укканда конул айлана турган болду.
+2
Baku88
2018-03-20 12:05:53
Эл үчүн Шабдан баатыр боюнча калат Мискенбаев как маңдайына 7 - апрель деп жазып илип алып айтып жүр. Ал өлгөндөр баатыр эмес акча үчүн өлгөндөр. Чыныгы баатырлар Ош окуясындагы өлгөндөр эли жери үчүн кан тогушту. Анан кайдагы 1000 сом үчүн бири бири мн кырылышкандарды баатыр кыла калгандары тойгозду ушулардын
0
Baku88
2018-03-20 12:07:39
Айтпасан адамдын жанын чыгарышат башка проблемалар толуп жатат чечилбей ошолорду карабайсынарбы баарынар бир көчөнүн артынан түшүп чуркап жүрбөй
0
Baku88
2018-03-20 12:20:12
Ким озгортсо да ошол адамды Шабдан баатырдын арбагы уруп кетсин. Кайдагы арактын акчанын айынан өлгөндөрдү Шабдан баатырдан да бийик тутуп атасынар. Ошто өлгөндөрду бириңер эстебейсинер кандай акмак адамсынар деги. Ошту озбектер канга чылап жатканда бир килейген кочугунорду козгоп койбой былтыйып отургансыңар ошондо да эл чыгып жандарын аябай үйүндө жаш балдарын карыган ата энесине карабай кан төгүп ошту алып калышты аларга эч ким ол деп 1000 сом акча же 100 грамм арак куюп берген эмес
+2
Baku88
2018-03-20 12:20:31
Ошолордун арбагы урсун силерди
+1
Baku88
2018-03-20 12:22:44
Өзгөртүлбосун эл каршы Шабдан баатыр боюнча калсын
0
Nuraruu5
2018-03-20 13:52:37
Канча кочолор турат орусча ошолорду кыргызча бай беришсин кааласа 7-апрлеь кааласа 24-март деп
+1
altyn7776
2018-03-20 16:02:17
АШАнын колу дагы эле башкарып жатат го. Жээнбеков качан мойнунан байланган жибин узот?Шабдан Баатыр 7-апрелдеги арака тойгон баскынчылардан мин эсе ойдо турат эле го. Ай шордуу кыргызым, ушул алкаш кой деди, мал деди...коншу олколорлун ажолору менен акыцнек айтышты, дабдыр создорун жаадырды...Эч эле ушул алкаштын оозун жаба албай койдунар го
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан