"Кумтөргө" байланыштуу чечим үчүн жоопкерчиликти толугу менен өкмөт өз мойнуна алат"
Биринчи вице-премьер Жоомарт Оторбаев 14-июнь күнү "Кумтөр" кенине барган иш сапарында Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын тургундары менен жолугушту. Ага катышкандардын суроосуна жооп берип жатып: "Кумтөргө" байланыштуу чечим үчүн жоопкерчиликти толугу менен өкмөт өз мойнуна алат. Ал эми Жети-Өгүз районунун жашоочуларындагы маселе "Кумтөр" кенинде жүргүзүлгөн иштер тууралуу маалыматтын жоктугунан келип чыккан. Маалыматтын жетишсиздиги барып-барып түрдүү ушактар менен чагымчылдыкты жараткан. Андыктан, мындан ары компания жетекчилиги бир же эки аптада маалымат жыйын уюштуруп, кызыктырган суроолорго жооп берип турмай болду",- деди Жоомарт Оторбаев.