Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрынын мурдагы жетекчиси Борис Воробьёв Кыргызстанда биринчилерден болуп жеке көрүстөн ачты. Маалыматка ылайык, көрүстөн Военно-Антоновка айылындагы эски көрүстөндүн жанында 3,4 гектар жерди ээлейт. 1986-жылдын бери көрүстөнгө жакын аймак тазалоочу жай куруу үчүн бөлүнгөн. Салынып бүтпөй калган курулуш 1993-жылы менчиктештирилип кеткен. Белгилей кетсек, Воробьев үстүбүздөгү жылдын 2-апрелинде аталган театрдын директорлук кызматынан бошотулган.