Бишкекте кардар унаа жуучу жайдын администраторун тапанча менен атып жарадар кылды. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 18-мартта борбор калаадагы унаа жуучу жайлардын биринде болгон.
"Унаа жуучу жайда айдоочу менен унаа жуучу жайдын администратору уруша кеткен. Айдоочу унаасынан травматикалык тапанчасын алып чыгып атып жиберген. Натыйжада, жаракат алган администратор ооруканага жеткирилген. Кийин ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүп, шектүү катары 1983-жылы туулган К.К аттуу борбор калаанын тургуну кармалган. Анын унаасын тинткенде травматикалык тапанчасы менен кошо баңгизаты да табылган. Бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, керектүү экспертизалар дайындалды, учурда тергөө иштери жүрүп жатат", - дейт басма сөз катчы.