Эртең, 17-июнда Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигинде ачык эшиктер күнү өтөт. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, иш-чарада министрликтин башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн жетекчилери жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуп, республикадагы билим берүү системиндеги модернизациялар боюнча тажрыйба алмашышат.