Текебаевдин жактоочусу: "Айтпаган сөзүбүздү төгүнгө чыгаруу керек болуп жатат"

"Айтпаган сөзүм үчүн айыпка жыгылып, аны төгүнгө чыгаруум керек болуп жатат", - деп SUPER.KG порталына Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу Таалайгүл Токтакунова билдирди.

"Соттун чечимине ылайык, былтыркы жылдын 1-марттагы маалымат жыйынында айткан сөзүбүз үчүн 10 миллион сом айып пул төлөп жана айткан сөзүбүздү төгүндөшүбүз керек болуп жатат. Биз ал жыйында соттун чечиминде келтирилип жаткан сөздү айткан эмеспиз да, айтпаган сөзүбүз үчүн айып төлөп, кантип түшүндүрүп беребиз? Учурда прокуратура жана сот бизди айтпаган сөздү айтты деп айыптагандыгын түшүндүрүп, далилдеп бергиле деп сотко кайрылып жатабыз", - деди Токтакунова.

Эске салсак, Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу Таалайгүл Токтакунованын мүлктөрүн камакка алган. Камакка алынган мүлктөрдүн арасында автоунаа, батир, жер тилкеси бар.

2017-жылдын 1-март күнү Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары Таалайгүл Токтакунова жана Канатбек Азиз кырсыкка кабылган Боинг учагындагы жүк ошол учурдагы президент жана анын үй-бүлөсүнө таандык экенин далилдеген документтер бар экенин билдиришкен болчу. Башкы прокуратура "билдирүүдө өлкө башчысынын кадыр-баркына жана ар-намысына шек келтирилген" деп Таалайгүл Токтакунова менен Канатбек Азизди сотко берген.

2017-жылдын 4-июлунда Бишкектин Октябрь райондук соту "Ата Мекендин" юристтерин "жалган маалымат менен президентти каралады, айтылган маалыматтар чындыкка дал келбейт " деген негиз менен 10 миллион сом айып пулга жыккан. Октябрь райондук сотунун чечимин Бишкек шаардык соту 2017-жылдын 18-августунда күчүндө калтырса, 2017-жылдын 30-ноябрында Жогорку сот да биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aza84
2018-03-21 02:55:57
Мас болуп ГАИ ге тушту эле ошол иши эмне болду?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан