Улуу Британиянын Майкл Эванжело аттуу жашоочусунун WhatsApp аркылуу адашкан каты түгөйүн табууга себепкер болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, анын адашкан каты 37 жаштагы Лина аттуу аялга келип түшкөн. Катта болгону бир фильмдин аталышы болгон.
"Майкл Эванжело өзүнүн байланыш номерин телефонуна туура эмес сактап алган болот. Бир тасманын аталышын унутуп калбоо үчүн өзүнүн WhatsApp номерине жөнөтөт, бирок номер туура эмес сакталып калгандыктан ал кат башка адамга жиберилип калат. Катка Лина аттуу кыз жооп берет. Майкл Эванжело алгач эски тааныштарым деп ойлойт. Бирок бир нече сааттан кийин жигит өзүнүн байланыш номерин туура эмес сактап койгонун түшүнүп, кызды жолугушууга чакырат", - деп жазылат маалыматта.
Лина 6 жыл жалгыз жашап, үй-бүлөлүү болуудан үмүтүн үзгөн. Бирок анын жашоосун Майкл өзгөрткөн. Майклда да абал дал ушундай болчу, ал да көп жылдан бери жалгыз жашап келген.
Ошондой эле маалыматта алар WhatsApp аркылуу баарлашкандан 5 сааттан кийин жолугушканы белгиленген. Ал эми 2 жумадан кийин эле баш кошуу чечимине келишкен. Жолугушкандан 3 айдан кийин, 2017-жылдын 7-декабрь күнү Лина жана 44 жаштагы Майкл баш кошушкан.
"Мындай шашылыш чечимди досторубуз акылга сыйбаган жорук деп бааласа, ата-энебиз биз үчүн кубанычта болууда. Биз жолугушуу учурунда кыялдарыбыз менен бөлүшүп, үйлөнөбүз, андан соң Дубайда жашайбыз деп чечтик. Биздин капыстан таанышуубуз - тагдыр", - деп билдиришкен алар.