Жалал-Абад. Жалал-Абадда өткөн “Кымыз” сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

“Биз 200 литр кымыз алып келгенбиз. Тогуз-Торонун абасы, суусу таза болуп, минтип кымызыбыз да облустун эң мыктысы деп табылды. Гран прини алып, 25 000 сомдун ээси болдук”,- дейт Тогуз-Торо районунун акими Тилек Идирисов. Эске салсак, кечээ, 15-июнда Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында облус боюнча “Кымыз” сынагы өткөрүлгөн. Ал эми сынакта 1-орунду Жалал-Абад шаары жана Сузак району ээлеп, 1-даражадагы диплом жана 10 000 сом акчалай сыйлык алышты. 2-орунду Чаткал, Ноокен райондору алып, 2-даражадагы диплом жана 7500 сом акчалай сыйлыкка ээ болушту. Облустун Токтогул, Аксы райондору 3-орунга татып, 3-даражадагы диплом жана 5000 сом акча ыйгарылды. Мындан сырткары “Мыкты боз ъй” наамын Базар-Коргон, Ала-Бука жана Таш-Көмүр райондору ээлесе, “Иштерман аким” деп Базар-Коргон районун акими Таалайбек  Дөлдөев аныкталды.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан