АКШнын президенти Дональд Трамп Владимир Путинди шайлоодогу жеңиши менен куттуктаган жок

АКШнын президенти Дональд Трамп Владимир Путинди шайлоодогу жеңиши менен куттуктаган жок. Бул туурасында чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматта жазылгандай, Дональд Трамптын күн тартибинде Орусияда 18-мартта өткөн президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Владимир Путинди куттуктоо жок экенин Ак Үйдүн өкүлү Хоган Гидли билдирген.

Анын айтымында, АКШнын өлкө башчысы үчүн Путиндин шайлоодо добуштардын көпчүлүгүн алып жеңишке жетиши жаңылык деле болгон эмес.

"Биз Орусия менен болгон мамилени туура жолго салыш үчүн аракеттерди жасайбыз. Анткени эки өлкөнүн мамилесин жакшыртуу көптөгөн пайда алып келет", - деген Гидли.

Айта кетсек, 19-мартта көптөгөн өлкө башчылары Владимир Путинди шайлоодо болгон жеңиши менен куттуктап телеграммаларды жөнөтүп жана телефон чалып куттукташкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
karakulja
2018-03-20 09:32:21
Номерин бергилечи Путиндин. От души куттуктап коеюн, бир жолу Нооруз майрамын кошуп...
-3
nurbekasr
2018-03-20 09:43:17
Атаңоозунурайын ырысы жок сары десе,куттуктап койсо бир немеси камип калмак беле.Путин эркек молодец.
+2
vavilon.
2018-03-20 09:47:04
nurbekasr, Путинди кимдер куттуктайт, жалаң Россияга көз каранды, Россиянын пешкалары куттуктайт. АКШга зачем куттуктап? Ал деген дуйнонун номер 1 экономикасы. Россияга жагынбай деле жашай алат.
-4
nurbekasr
2018-03-20 10:40:32
vavilon.,Мен жагынсын деген жокмун,адам болгондон кийин адамдык сапат да болуш керек.Дүйнөнү башкарган чоңдор ошентип жатса бирин бир көрө албай,анда жөнөкөй адамдар оюна келгенин жасаса болчудай.
+10
Suzak12
2018-03-20 18:56:51
vavilon.,адашпа дуйнодо экономикасы номер 1 бул Кытай билбей туруп жаза бербе ар нерсени
+1
vavilon.
2018-03-20 21:55:11
Suzak12, Акш бюджети 15трлн, Кытай 13трлн. Кытайдын калкын да эсепке ал
0
Real_mir
2018-03-20 22:50:31
vavilon.,Сен кимдир бироону куттуктасан жагынуу учун кыласынбы?
0
Baku88
2018-03-20 11:27:44
Трамп куттуктаса куттуктабаса Путин үчүн айырмасы жок. Просто Трамп өзүнүн деңгээлин коргозуптур болгону ошол а бул нерсе Путинге эмес элге таасир эткендей
+5
Mystery
2018-03-20 11:59:30
Трамп женгенде Путин куттуктадылего....
+5
Kanybek121195
2018-03-20 13:08:55
Трамптын жениши үчүн Путин еч кимге билдирбей көп жардам берген. Трамп өтүп алгандан кийин ешегим ылайдан өттү дегенсип койду да
+1
Toko1234
2018-03-20 15:14:31
Путин Трамптын куттуктоосуна зар деле эмес,Трамп озунун адамдык денгеели томон экенин коргозуптуп..Трамп Путиндин денгеелине жетиш учун кайра торолушу керек
+3
edua
2018-03-20 16:31:12
Буну саясат дейт.Куттуктаса экөнүн тили бир дешет.куттуктабаса дагы ...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан