Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунда 27-февралда дарыяга агып кеткен 44 жаштагы жаранды издөө иши токтотулганын ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, издөөнү токтотууга анын туугандары тарабынан макулдук берилген.
"19-март күнү да 8 куткаруучу издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Натыйжа болбогондуктан тургундар тарабынан ыраазычылык кат алынып, издөө иштери токтотулду", - дешти мекемеден.
Белгилей кетсек, 27-февраль күнү аталган райондогу Терек-Суу айылынын тургуну балык уулоого кетип баратып, Тар дарыясына агып кеткендиги тууралуу маалымат түшүп, издөө иштери башталган.