Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов СДПК фракциясынын өлкөнүн шаарларындагы депутаттары менен жолугушту

Кечээ, 15-июнда Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов СДПК фракциясынын Ош, Нарын, Талас, Каракол, Токмок, Чолпон-Ата, Кант жана Кара-Балта шаарларынын депутаттары менен жолугушту. Шаар башчысы депутаттарды кабыл алып жатып, мындай кеңири формадагы жолугушуу биринчи жолу болуп жаткандыгын белгиледи. “Мындай жолугушуулар салтка айланат деген ишеним бар. Бизде саламаттык сактоо, билим берүү, шаарды көрктөндүрүү тармактары боюнча аткарылып келе жаткан иштердин тажрыйбасы жана жаңы кадамдарыбыз бар. Калк менен үзгүлтүксүз байланышта болуп, аткарылчу иштерди системдүү түрдө алып барышыбыз зарыл”,- деди Иса Өмүркулов. Шаардык кеңештин төрагасы Марат Аманкулов кесиптештерин шаардык парламенттин түзүмү менен тааныштырды. Ал эми Бишкек шаардык Кеңешинин депутаты Эльвира Сариева “Креативдүү шаар” программасы менен тааныштырды. Жыйынтыгында аталган шаарлардын ортосунда адам укуктарын жана эркиндигин коргоо, мыйзамдуулукту сактоону жана тартипти чыңдоо, жаштар саясатын өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын өнүктүрүү, айлана-чөйрөнү коргоо, саламаттык сактоону, маданиятты, спортту жана туризмди өнүктүрүү боюнча активдүү кызматташуу жөнүндө протоколго кол коюлду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан