Бүгүн, 16-июнда Бишкекте стрит арт жана граффити сүрөт өнөрүнүн V Эл аралык фестивалы өтөт. Фестивалга Германия, Франция, Кыргызстан жана Казакстан өлкөлөрүнүн сүрөтчүлөрү катышат. Европа жана Азия континенттеринин төрт өлкөсүнүн сүрөтчүлөрү Борбор Азиядагы эң ири граффити галереясын түзүшмөкчү. Маалыматка ылайык, стрит арт, граффити сүрөт өнөрү боюнча эл аралык фестиваль өлкөдө 2009-жылдан бери өткөрүлүп келет. Иш-чаранын максаты - жаштардын чыгармачылыгын өркүндөтүү, алардын маданий эс алуусун уюштуруу, азыркы күндүн сүрөт искусствосун кеңири жайылтуу жана эл аралык маданий мамилелерди чыңдоо, ошондой эле өлкөнүн эл аралык аброюн көтөрүү. Белгилей кетсек, граффити сүрөт өнөрү өткөн кылымдын 80-жылдары Америкада жаралып, күн өткөн сайын бедели көтөрүлүп, бул өнөрдүн ышкыбоздорунун саны арбып келүүдө. Фестивалдын ачылышы шаардагы Л.Толстой 3-А дарегинде жайгашкан “Кыргыз темир жолу” мекемесинде саат 16:00дө башталат. Аземге шаар башчысы Иса Өмүркуловдун катышуусу күтүлүүдө.