"Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушундагы Түштүк магистраль-Чортеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол чырак 3-4 күндөн бери иштебей турат", - деген билдирүү WhatsApp аркылуу "Элдик кабар" бөлүмүнө келип түштү.
Анда: "Бул көчөлөрдөн деле тынымсыз машиналар каттап турат, керектүү жол чырак. Мен дайыма кечкисин баламды бала бакчадан бул көчө аркылуу алып өтөм, жол чырактын иштебегени мен сыяктуу эле көпчүлүккө ыңгайсыздык жаратат. "Жаман айтпай жакшы жок" дегендей кырсык болуп кеткенге чейин оңдоп коюшса", - деп жазат ал.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.