17-июнда саат 9:00дөн 17:00гө чейин Бишкектин Почтовый тупик, Месароша, Сельсовет көчөлөрүндө, Сыдыков көчөсүндөгү № 258-көп кабаттуу үйдө, Тимирязев көчөсүндөгү №69-үйүндө жана Жайыл районундагы Кара-Балта шаарынын бир бөлүгүндө (Карабалтинская көчөсүндө, 40-лет Киргизии кварталындагы көп кабаттуу №10-11-12-үйлөрдө), Аламүдүн районундагы Рассвет айылында электр менен камсыз кылуу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Чектөөлөр электр тармактарынын кышкы-күзгү даярдыкка кам көрүү, алдын ала чара көрүү үчүн аба электр берүү чубалгыларынын зымтиректерин алмаштыруу, зымдарды тарттыруу иштерине байланыштуу болот.