Айым депутаттар Эмгек мыйзамындагы гендердик басмырлоону жоюу боюнча демилгени колдошту

Жогорку Кеңеште гендердик басмырлоону жоюу боюнча жолугушуу болуп өттү. Ага парламенттин депутаттары, эмгек жана социалдык өнүгүү министри, аталган министрликтин өкүлдөрү, адистер жана эл аралык уюмдардын мүчөлөрү катышты.

Кыргыз өлкөсүндөгү Азия өнүгүү банкынын туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Кендис Макдейган өз сөзүндө аталган банк Кыргыз Республикасындагы гендердик тең укуктуулук боюнча Улуттук стратегияны колдой турганын билдирди.

"Мен айрым документтер менен таанышып чыгып, иш тобу чынында эле гендердик басмырлоону жоюуга багытталган суроолордун негизинде иштеп чыгышканын көрдүм. Эми адистердин ойлорун да угуп көрүү кажет. Анткени алардын сунуштары менен ой-пикирлери айымдардын жумушка орношуусундагы мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө өбөлгө түзөт", - деди ал.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты, айым депутаттардын төрайымы Эльвира Сурабалдиева гендердик тең укуктуулуктун канчалык маанилүү экендигине токтолду.

"Биздин мыйзам боюнча айымдарга иштөөгө уруксат берилбеген адистиктер жана кесиптер бар. Мисалы, тери тазалоо. Эгер мыйзам боюнча айымдарга бул ишти аркалоого тыюу салынса, кайсы бир жерде баары бир бул жумуш менен алектенген аялдар бар. Мындан улам жумуш берүүчү мындай жерде иштеген аялга бул нерсе мыйзамсыз экендигин айтып, азыраак төлөшү мүмкүн. Муну көбүнчө коррупция эмес, басмырлоо катары кабыл алууга болот", - деген Сурабалдиева мамлекет аялдар менен эркектерге иштөө үчүн бирдей шарт түзүп бериши керектигин айтып, ал эми айымдар кайсы кесипти аркалай турганын өзү тандай турганын кошумчалады.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайкүл Исакунова да атайын түзүлгөн иш тобу тарабынан эмгек мыйзамдары боюнча гендердик аудит өткөрүлгөнүн айтып өттү.

"Айымдар канчалаган жылдардан бери иш убактысын кыскартуу үчүн, аялдар менен эркектердин иш акысы бирдей көлөмдө берилиши үчүн жан үрөп келишкен. Тилекке каршы, бир гана бизде эмес, дүйнө боюнча бул маселе чечилбей келет. Анын арасында Кыргыз өлкөсүндө да өтө актуалдуу көйгөйлөрдүн катарын толуктайт. Эксперттер 2018-2020-жылдарга гендердик тең укуктуулукту камсыздоо үчүн өз долбоорлорун тартуулашты. Анан дагы эмгек мыйзамдары боюнча гендердик аудиттин жыйынтыгын көрсөтүштү", - деди ал.

Ошондой эле гендердик тең укуктуулук боюнча демилгени колдоо иретинде мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн атайын пакет даярдала турганын кошумчалап өттү. Ага депутат Алтынай Өмүрбекова Жогорку Кеңештин Социалдык комитетинин базасында түзүлгөн иш тобу жана кызыкдар тараптар менен бирге эмгек мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады.

Жолугушуу Борбордук Азиядагы Евразия фондунун "Эмгек мыйзамындагы гендердик басмырлоону жоюу боюнча иштеп чыгуу" долбоорунун алкагында, Азия өнүгүү банкынын колдоосу менен уюштурулган.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан