20-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков "Мээрбек Мискенбаев - провокатор. Ал президент Сооронбай Жээнбековдун жакшы иштерин көрө албай жатат" деп журналисттерге билдирди.
"Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин төрагасынын орун басары Амантур Жамгырчиев комментарий берүүгө Мээрбек Мискенбаевдин мүмкүнчүлүгү жок болуп жатканын SUPER.KG порталына билдирди.
"Мээрбек Жайлообекович 2002-жылкы Аксы, 2010-жылкы Апрель окуяларын эскерүү жыйынында чагымчылдык кыла турган сөз айткан эмес. Эки окуя үй-бүлөлүк башкаруудан улам келип чыкканын айтып, президенттин иниси Асылбек Жээнбеков мандатын тапшырса, калыстык болор деген пикирин билдирген", - дейт Амантур Жамгырчиев.
Буга чейин 17-мартта Бишкекте "Айкөл Ала-Тоо" жана "Мекен шейиттери" уюмдары 2002-жылкы Аксы, 2010-жылкы Апрель окуяларына арнап эскерүү жыйынын өткөрүшкөн. Анда Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан экс-депутаты Мээрбек Мискенбаев "президенттин иниси Асылбек Жээнбеков өзү убадалагандай парламенттеги депутаттык мандатын тапшырып, биздин катарга кошулсун" деген талапты койгон.
Асылбек Жээнбеков депутаттык мандатын бир гана эл ала турганын айтты.