Бүгүн, 17-мартта Бишкек шаарынын "Медиа Форум" ишканасынын алдында 2002-жылдагы Аксы окуясына жана 2010-жылдагы Апрель окуясына арналган жарандык жыйын өтүүдө.
Иш-чарага Аксы окуясынын курмандыктарынын туугандары, 2005 жана 2010-жылдардагы төңкөрүштөрдүн катышуучулары келишти. Жыйын “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулуп жатат. Чогулушта өлкөдөгү саясий процесстердин өнүгүүсү боюнча өз ой-пикирлер айтылып, президент, премьер-министр жана Жогорку Кеңештин депутаттарына талаптар коюлмакчы.
Жыйында төңкөрүштө каза болгондорду эскерүү үчүн даректүү тасмасы көрсөтүлүп, алардын арбактарына багышталып куран окулду.
“Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин төрагасы Мээрбек Мискенбаев 8 жыл мурун Апрель окуясы ушул жерден башталганын эскертти. "Биз бүгүн президентке, өкмөткө, Жогорку Кеңешке Бакиевдер үй-бүлөсүн экстрадициялоо талабын коёбуз. Бул иш токтобосун. Экинчиден, азыр оппозиция Акаев менен Бакиевди чакырабыз деп жатат. Мындай провокацияга жол бербешибиз керек. Анткени кайра кан төгүүлөр болушу мүмкүн. Үчүнчүдөн, президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков өзү убадалагандай депутаттык мандатын тапшырышы керек. Ошондо акыйкат бийлик болот", - деди Мискенбаев.