Күрөш боюнча Азия чемпиондору Акжол Махмудов жана Муслим Евлоев 2 миң доллар сыйлыкка ээ болду

Кыргыз Республикасынын күрөш федерациясы Бишкек шаарында өткөн күрөш боюнча Азия чемпиондугунун жеңүүчүлөрүн жана 2017-жылы эл аралык мелдештерде ийгиликке жетишкен спортчуларды акчалай сыйлык менен сыйлады.
Азия чемпиондугун багындырган балбандар Акжол Махмудов жана Муслим Евлоев федерациядан 2 миң АКШ долларына ээ болсо, күмүш байге ээлери Жоламан Шаршенбеков, Урматбек Аматов жана Атабек Азизбековдор 1500 АКШ доллары менен сыйланышты. Ал эми Азия чемпиондугунун коло медалдарынын ээлери 1000 доллар акчалай сыйлыктарга ээ болду.

Андан сырткары, күрөш федерациясы 2017-жылы мыкты жыйынтык көрсөткөн балбандарга да акчалай сыйлыктарды ыйгарды. Алардын арасында Азия оюндарынын чемпиону Калы Сулайманов, жыл ичинде 7 байге уткан Айсулуу Тыныбекова баштаган бир катар балбандар жана алардын машыктыруучулары бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
chyngyz-40
2018-03-20 19:16:30
Акжол Махмудовту жакшыраак колдош керек квартира бериш керек
+2
almanbetperm
2018-03-20 21:00:05
2мин дегени тренерлери менен болуп келгенде эчтеке калбайт экенда.жасанып барышканы эле болбосо
0
Va.vasm
2018-03-20 21:28:08
almanbetperm,жоктон коро, жогору
0
Nursbaike
2018-03-20 22:07:28
11 жыл мектепте 5 жыл универде андан коро спорт мн алектенгенде уйлуу стипендиялуу болмокпуз го ээ,баарына шугур *тамаша*☺
0
uran98
2018-03-21 01:05:01
Nursbaike,Окуганыңа өкүнүп атасыңбы
Кичине спортко чымының болуш керек катуурак чуркап өтсө грип болуп калгандардан болсоң анда жарабайсың
0
a.sheralievic.91
2018-03-20 23:03:22
Өт....ө эле аз, Лейлекке күрөшкө эле өтсө болмок экен, ар бир турнирде бур машине утмак
0
Mehazahn57
2018-03-21 03:45:01
Силердин ой жугуртуунорго тушунбойм. Эмнеге уй бербейт, машина бербейт, аз бериптир деп. Бул нерселерден да жогору турган бул эгемен мамлекетибиздин кызыкчылыгы. Ар бир спортчуда патриотуулук сезим болуш керек. Мисалга алалы Америкада же Кытайда, олимпиада чемпиондоруна эч нерсе берилбейт. Себеби алар мамлекеттин кызыкчылыгын биринчи орунга коюшат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан