Жети-Өгүздө Кумтөр боюнча элдик жыйын өтөт

Бүгүн, 17-июнда Жети-Өгүздө өкмөттүн Кумтөр кени боюнча берген убадаларына жооп алуу максатында элдик жыйын өтөт. Маалыматтарга ылайык, жыйынга президент, Жогорку Кеңештин төрагасы, премьер-министр баш болгон бардык бийлик өкүлдөрү чакырылган. Эске салсак, 27-майда Кумтөр боюнча Жети-Өгүздө 5 күнгө созулган митинг уюшулган . Митингчилер кенге кеткен жолду бууп, ишканага берилчү электр жарыгын өчүргөн болчу. Анда милиция менен митингге чыккандар кагылышып, президент Жети-Өгүзгө чукул абал киргизген. Андан соң Жети-Өгүзгө премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев барып, митингчилердин койгон бир катар талаптарын аткарууга убада берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан