20-мартта кыргыз шоу-бизнесинде чоң жаңылык болду. Тактап айтканда, ырчы Нурлан Насип өзүнүн сүйүктүүсү жана кесиптеши Асел Кадырбекованын колун сурап, үйлөнүү тууралуу сунушун киргизди. "Үйлөнүү тууралуу сунуш киргизген жигиттердин абалын эми түшүндүм" деген ырчы мырза өз сезимдерин SUPER.KG порталына бөлүштү.
"Көптөн бери Аселдин туулган күнүндө үйлөнүү тууралуу сунушту киргизүүнү ойлонуп жүргөм. Ал оюм ишке ашып, кечээ күнү сюрприз жасап Аселдин макулдугун алдым. Ага баштан-аяк досум, ди-джей Улук Сапаров көмөктөшүп, уюштуруу иштерин өз моюнуна алды. Убакыттан пайдаланып ага ыраазычылыгымды билдиргим келет. Чынын айтсам, сунуш киргизүү учурунда мынчалык толкунданам деп ойлогон эмесмин. Оңой эле нерсе эмес экен, үйлөнүү тууралуу сунуш киргизген жигиттердин абалын эми түшүндүм окшойт. Кудай буюрса, үлпөт тойду ушул жылга пландап жатабыз. Ал эми так датасы экөөбүздүн ата-энелерибиз жолугуп, сүйлөшкөн соң гана чечилет. Азыр чыгармачылыктагы досторум менен бирге Куршаб айылына гастролго бара жатабыз", - дейт ал.
Белгилей кетсек, Нурлан Насип сүйүктүүсү Асел Кадырбекованын колун 101 роза гүлүн сунуп, көздүү шакек тагып сураган.