20-мартта ырчы Нурлан Насип кесиптеши, алып баруучу Асел Кадырбекованын колун сурады. Анда ырчы жигит ага 101 роза гүлүн сунуп, көздүү шакек такты. Сүрөттү биринчилерден болуп ырчы, ди-джей Назира Кадыева социалдык тармактагы баракчасына "Тарыхый күн. Нурлан Аселге сунуш жасады. Бактылуу болгула" деп жазды.
"Бүгүн Асел туулган күнүн белгилөө үчүн бардык тааныштарын, досторун кафеге чакырган болчу. Биз дагы конок катары барганбыз. Ошол жерден Нурландын ыры жаңырып, өзү чыгып келип, Аселдин колун сураганы баарыбызга күтүүсүз болду", - дейт Кадыева.
Буга чейин Нурлан Насип менен Асел Кадырбекованын кыз-жигит экени айтылып келген.
Эскерте кетсек, өткөн жылы SUPER.KG порталынын түз эфиринде ырчы Нурлан Насип "Асел айылга барбайм десе, унаага жүктөп кетем" деп айткан эле.